Талас. "Тартип орнотуу" рейдинин жүрүшүндө броня тешүүчү аскердик октор табылды
Талас ШИИБинин 14-ноябрдагы "Тартип орнотуу" рейдинин жүрүшүндө жалпысынан 31 ок табылды. Алсак, Талас шаарынын тургуну Алмазбеков Асейин Алмазбекович "Динамо" стадионундагы каналдын жээгинен 5,45 мм калибрдеги 23, 7,62 мм калибрдеги 5 даана куру ок жана 7,62 мм калибрдеги 3 даана броня тешүүчү аскердик (же согуштук) окторун таап алып, өз ыктыяры менен тапшырган.