Бишкекте 11 жаштагы баланы унаа сүзүп кетти

Бүгүн, 23-февралда түшкө маал Бишкектеги Шабдан баатыр менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде 11 жаштагы баланы унаа сүзүп кеткен. Бул тууралуу "Тез жардам" кызматы кабарлады.

"Кызматкерлер сүзүлгөн баланы Бишкек шаардык медициналык балдар клиникалык ооруканасына алып барышкан", - дешти "Тез жардам" кызматынан.

Ооруканага жеткирилген балага кезмет дарыгерлер бардык медициналык жардам көрсөтүшкөнү, учурда анын абалы жакшы экени маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
DNurgiza
2017-02-23 21:30:51
Байкуш баланын ичер суусу түгөнө элек экен. Кудай сактаптыр, аман эсен айыгып кетсин.
+2
abusait
2017-02-23 21:46:53
Кезмет??
-2
Seryi-Kardinal
2017-02-23 23:21:01
abusait,дежурный деген
окшойт
-3
arzygulR
2017-02-24 04:12:40
Абалы жакшы экендигене шугур
0
bond02
2017-02-24 08:12:30
Сузулгон бала эмес жабыркаган бала десенер туура болчудай го.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан