16-17 жаштагы улан-кыздар арасында дзюдо боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Спорттук иш-чара 20-майда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда орун алмакчы. Дзюдо боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасын түзүү максатында уюштурулуп жаткан бул мелдешке 40 килограммдан 81 килограммдык салмакка чейинки спортчулар катышат. Иш-чара 23-майда соңуна чыгат, жеңүүчүлөр медаль жана дипломдор менен сыйланмакчы. Ал эми жеңүүчүлөрдөн куралган улуттук команда эл аралык мелдештерге жана Дүйнө чемпиондугуна катышууга укук берилет.