Өзбекстандагы химзаводдо жарылуу болуп, бир нече адам каза болду

Өзбекстандагы химзаводдо жарылуу болуп, бир нече адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, жарылуу кечээ, 23-февраль күнү саат 16:30 чамасында Фергана шаарындагы "Ферганаазот" заводунда болгон. Кырсык болгон учурда аммиак сакталган цехте оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан. Жарылуунун кесепетинен бир канча адамдын каза болгону айтылууда. Бирок Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алар тууралуу расмий билдирүү тарата элек.

"Ферганаазот" жылына 270 миң тонна карбамид жана 350 миң тонна аммиак селитрасын чыгарат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
madina.87
2017-02-24 08:38:30
Туугандар кыйын,адамдын санын айтышпайт.
Тартип каттуу!
Биз болсо баарын токпой -чачпай жарыя кылып турабыз
+11
meni_kut
2017-02-24 10:30:28
madina.87,тууган эмес алар бизге.Коншулар десен болот
+4
cholpon9393
2017-02-24 12:11:11
meni_kut,мусулман адамдын баары бир тууган болот
+2
madina.87
2017-02-24 13:58:56
meni_kut,мусулман бир туугандар
+2
bond02
2017-02-24 09:08:24
Биздин президент уга элек окшойт угаары менен конул айтмак.
+15
Adilet_adi
2017-02-24 09:32:45
Быйыл бизде азот кымбат болот окшойтго.Кѳбү ѳзбекстандан келчү да
+3
admin_portal
2017-02-24 10:03:03
Tyty1990, провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган! Эскертүү!
0
semo
2017-02-24 12:18:00
Булар сырды катуу кармашат канча адам өлсө да айтышпайт
+1
Nazikbaigazy
2017-02-24 14:00:57
Конул айтабыз
-2
Nur1k
2017-02-24 16:54:03
Жаткан жерлери жайлуу болсун. Кайгысы менен тен болушот кыргыз эли
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан