“Лестер” чемпиондукка алып келген машыктыруучусу Клаудио Раньерини иштен бошотту

Англиялык «Лестер» клубу башкы машыктыруучусу Клаудио Раньерини иштен бошотту. Бул тууралуу клубдун расмий сайты кабарлайт.

Мындай чечим команданын быйылкы сезондо көрсөткүчү канааттандырарлык эмес болгондуктан келип чыкты. Клубдун жетекчилиги машыктыруучуну алмаштырууну туура көргөн. Учурда “Лестер” Англия Премьер-лигасында 17-орунда келе жатат.

Белгилей кетсек, 65 жаштагы италиялык машыктыруучу Клаудио Раньери “Лестерде” 2015-жылы иштеп баштап, клубдун 133 жылдык тарыхында алгачкы жолу чемпиондукка жеткирген. Быйылкы жылы Чемпиондор Лигасында ойноп баштаган клуб, жарым чейрек финалдын алгачкы беттешинде конокто “Севильяга” 2:1 эсебинде жеңилип калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
USSRKG
2017-02-24 10:12:03
Ии куйдуротта бирдагы жакшы оюнчусу жок болсо.Лестерди лестер кылган ушу киши.алмашса дагы 100жыл чемпиондукту кутуп журо беришетта.
+1
sheralievic...aza
2017-02-24 10:18:57
Полный бред чуркай албаган атка кайсы камчы менен урсан да ошол эле ат
0
zevs
2017-02-24 11:49:30
Oshon uchun murun ele champion bolboy eldin ortosunda juroberiw kerek ele
0
DE_BRUYNE17
2017-02-24 12:32:08
Кичине койотурса болмок, Севильяны үйүндө утмак.
0
Nur1k
2017-02-24 16:52:31
Игроктору ойной албай, "топтун артынан чуркасамбы, чуркаьасамбы" деген игроктору болсо албетте жакшы оюн корсото албайт. Тренер куноолуу эмес деп ойлойм
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан