Бүгүн, 24-февралда Бишкектеги Спорт Ордосунда орусиялык белгилүү ырчы Филипп Киркоровдун "Я" аттуу шоу программасы өтөт. Учурда ырчы Ала-Арча улуттук жаратылыш сейил багында эс алып жаткан кези. Бул тууралуу ырчы Instagram`дагы расмий баракчасы аркылуу билдирген.
"Бул Альпы тоолору эмес, бул Ала-Арча! Бишкектеги "Я" шоусу баштаалардын алдында легендарлуу коруктун жаратылышынан кубат алып жатабыз", - деп жазып, бир нече сүрөттөрүн илген.