Мирлан Жээнчороев: "Атайын операция менен Текебаевди аэропорттон камакка алынганы ашыкча болуп кетти"

"Атайын операция менен Текебаевди аэропорттон камакка алганы ашыкча болуп кетти", - деп бүгүн, 26-февралда SUPER.KG порталына "Республика-Ата-Журт" фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев билдирди.

Депутат бардыгы мыйзам чегинде болуусу зарылдыгын белгилеп: "Бул иш боюнча такталып, соттон күнөөлү же күнөөлү эмес экенин аныкташ керек. Бирок УКМКнын аэропорттон камакка алып кеткенин туура эмес деп эсептейм", - деди.

Белгилей кетсек, 26-февралда "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди козголгон кылмыш ишинин негизинде УКМК кызматкерлери аэропорттон кармап кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан