Бишкекте Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

2017-жылдын 7-мартында Бишкек шаарында Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев, Казакстан Республикасынын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, Беларусь Республикасынын премьер-министри Андрей Кобяков жана Армения Республикасынын премьер- министри Карен Карепетян катышат. Жыйында интеграциялык биримдиктин алкагында кызматташууга багытталган маанилүү маселелер талкууланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан