Ошто "май куючу жайлардын биринин кызматкерин өлтүргөн" деп шектелген жаран кармалды

Ошто "май куючу жайлардын биринин кызматкерин өлтүргөн" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 27-февралда SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү катары маркумдун мурдагы кесиптеши, 1990-жылы туулган Ж.К. кармалды.

"Мен аны өлтүрөйүн деген эмес элем. Жөн эле коркутуп коюну максат кылгам. Үйүнөн чыккандан кийин темир менен башка чаап, жыгылып калган соң ичине 3 жолу бычак сайгам. Ага мен 30 миң сом карыз болчумун, аны 40 миң сом кылып бересиң деп жаткан", - дейт шектүү өз көрсөтмөсүндө.

Айта кетсек, окуя 24-февраль күнү эртең менен Оштогу Анар кичи шаарчасында болгон. Анда белгисиз адам 1983-жылы туулган Абдираим Жапаровду катуу нерсе менен башка жана ичке сайып өлтүргөн.

Маркум Ош шаарындагы МПА май куюучу жайларынын биринде ага оператор болуп иштечү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
abusait
2017-02-27 09:56:10
Мээрбек .. Элди кайрап жатат!!! Мен кеттим аянтка!!
+7
Ali-91
2017-02-27 10:04:15
abusait, Мээрбек байкең,бул жакта эмес,адашып түшүп калдың.
-4
meni_kut
2017-02-27 11:02:21
Ali-91,саясат болуму жабык,жазалбайсын
+4
Sharos3
2017-02-27 10:05:20
Мискенбай деген ХХХ кайра чыгыптыр.Бир нерсе кылып жаап салгыла
+7
Ali-91
2017-02-27 10:01:57
Сүткорлуктун (кредиттин) кесепети,30миң аласаңды эле сурабайсынбы?Туундусу (проценти) арам го!!! Шарият эмне зыян,эмне пайда экенин,эчак эле аныктап койгон.Тоң моюндук кылбай шарият менен жашайлы мусулман бир туугандар!!!
+3
kuba502
2017-02-27 10:41:12
Ali-91,Бул эптеп эле бул шоордуунун мойнуна илип атат.Олтургон башка болушу мумкун
+2
sirgak_92
2017-02-27 10:11:17
Ушундай адамды жер кантип которуп журот
+2
admin_portal
2017-02-27 10:33:03
Sharos3,
1. Жеке айтышууларга жол берилбейт, ал үчүн купуя кат бар.
2. Темадан алыс билдирүүлөрдү жазууга болбойт.
3. Эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу Сизге түбөлүк БАН!
-3
kamchatka
2017-02-27 11:07:05
Бул жерде башка маселе 30мин сомун 40мин сом кылып бер дей турган адам эмес болчу ал чыныгы кылмышкерди тапкыла урматту милиция!
+1
kuba502
2017-02-27 20:07:15
kamchatka,эн туура .Логикага да сыйбайт.30 000 сом учун ушунчага барыш
0
ayjan_90
2017-02-27 18:09:20
Ушу Мискенбаев озуну пияр кылышты жакшы корот окшот э али куудулдар асылат еми Текебаевге отту жон еле журсо болот озуно кыйын болот чыкса
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан