Боинг кырсыгында авиациялык керосинге ууланган кыздын атасы: "Кызым ооруп "Тез жардам" чакырсам 4 саатта келди, учурда абалы оор"

Кызым катуу ооруп, титиреп жыгылып калганда "Тез жардам" чакырсам 4 саатта келди. Мындай маалыматты бүгүн, 27-февралда SUPER.KG порталына Курулуш башкармалыгынын дачалары тургуну, учак кырсыгынан короо жайы жабыркаган Ысак Анарбаев билдирди.

"Бизге авиакырсык оор жашоону алып келди. Буга чейин сарайымда тандырга нан жаап сатып үй-бүлөмдү бакчу элем. Ошол кырсык болгон күнү сарайым кулап, ишим токтоп калды. Эч жактан киреше жок болууда. Буга чейин 2 кызым ооруканага жатып чыкты эле. Бирок андан кийин да өзүн жаман сезип жатканынан ооруканага алып бардым. Ошол күнү кызым Айсулуу көчөдө жыгылган экен. Келсем жаны жоктой жатыптыр. "Тез жардам" чакырсам 4 сатта келип, бир нерсе жыттатып кетип калды. Кийин дагы бир "Тез жардам" унаасы келип, Сокулукка алып кетишти. Ал жерден кызымдын абалын билбей коюшту. Кийин Бишкек шаарындагы Республикалык ооруканага алып барсак, биз билбейбиз деп чыгарып жиберишти. Айлабыз кетип Орто-Сай тараптагы психоневрологияга алып бардык. Алар кабыл алышты. Абал оор болууда", - деп билдирди Анарбаев.

Ысак Анарбаевдин айтымында, ал учурда ар кайсы жерден темир чогултуп сатып күн көрүүдө. Кыларга жумуш жок кыйналып, айылдагы дүкөндөн карызга нан алып жеп жатканын айтты.

"Учак кырсыгынан катуу коркуп калган кыздарым түнү менен кыйкырып ойгонуп жатты. Молдого дем салдырып көрдүк. Азыр эки кызым ооруканада. Айсулууга дарыгерлер диагноз коё албай жатышат. Кандай оору экенин аныктап берсе, элден карыз акча чогултуп, Казакстанга же Тажикстанга алып бармак элем", - деп кошумчалады жабырлануучу Ысак Анарбаев.

Маалыматка ылайык, Курулуш башкармалыгынын дачалары айылынын жашоочулары бүгүн, митингге чыгууну пландашкан. Бирок Өмүрбек Текебаевдин камалышына байланыштуу нааразычылык митингин токтотуп турууну туура көрүшкөн. Алар митингде жергиликтүү жашоочуларды башка аймакка көчүрүү талабын коюшмак.

Айта кетсек, Боинг кырсыгынан кийин 23-январда "авиациялык керосинге уулануу" диагнозу менен 7 адам ооруканага жаткырылган. Анын ичинде Бишкек илимий-изилдөө травматология жана ортопедия борборуна 18 жаштагы Айсулуу Жумабай кызы да жаткырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
meni_kut
2017-02-27 10:56:34
Митингге чачкан акчаларды ушуларга берсенер.Текебаев ушул айылга келип элдин акыбалын сураган эмес,Эми элдин колдоосуна зар...
+4
nemo2016
2017-02-27 11:05:57
meni_kut,башта Элден тушкон акчаны болуп беришсин болуп беришкен болсо кечирим сурайм
+4
evra_kg
2017-02-27 11:04:50
Торт саат жакшы еле го
-10
Djal1987
2017-02-27 11:25:04
evra_kg,эсин жайындабы? Арабызда бар странный адамдар....
+5
evra_kg
2017-02-27 11:52:20
Djal1987,келбей койгондорчу
-3
abusait
2017-02-27 11:45:02
Эки доо урушса ортодо чымын олот болуп ,бул мансапкорлордун айынан карапайым калктын жашоосу начарлап, карызга НАН жеп кала турган болду. Эми бул дурболон ого беттер калктын жашоосун артка тартат. Элди Ким ойлойт.?? Эл бар учун депутаттар байып жатканын ойлошсо экен.. .
+5
izdeim_seni
2017-02-27 12:00:47
Эхх...Канча бир миллиондогон акча чогулду кырсыктан жабыркагандарга.Атыңдан кагылайын көпчүлүк.Мына ушундайда эл колдойт,элибиз кыйбайт элибизге.Элден айланса болот.Ал эми шайлоо алдындагы оозун чойгон жалганчылар,"юпкачандар"элине эч качан жакшылык алып келбейт.Аллахтын ыраазычылыгы үчүн адилеттүү бөлүп бергиле!Убалы болот элдин акысына кирип каласыңар.Үч күндүк өмүр баарыбызда түгөнөт.Акыретти ойлогула!Минтип элдин кыйналганы туура эмес.Кыргыз элине качан бир жарытылуу башкаруучулар
+4
ulua
2017-02-27 13:06:22
Кырсыкка деп жонотулгон чогулган акчаларыбыз кайда,Окмот?Ар бир уй булого боло келгенде бирден жок дегенде,шаардан там сатып алууга болот экен деп ээсептегенбиз.Эмнеге олгондон калган эл эми ошол жерде акырындап ууланып олушу керек?ХХХ кайдыгер Окмот,ошол элдин акчасын элге жакшына болуп бере албагандан кийин,подавитесь,ХХХ!!!
+3
admin_portal
2017-02-27 13:09:07
ulua, этика нормаларын сактаңыз! Оозеки эскертүү!
-1
admin_portal
2017-02-27 14:36:40
Nendi15- эскертүү! Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан