Ак үйдүн 7-кабатында фракция лидерлери Текебаев тууралуу маселени жабык эшиктин артында талкуулап жатышат

Жогорку Кеңештин фракция лидерлери кесиптеши Өмүрбек Текебаев тууралуу маселени жабык эшиктин артында талкуулап жатышат.

Учурда КСДПнын лидери Иса Өмүркуловдун иш бөлмөсүндө Алтынбек Сулайманов ("Бир бол"), Бакыт Төрөбаев ("Өнүгүү-Прогресс"), Өмүрбек Бабанов ("Республика - Ата Журт"), Алмазбек Баатырбеков ("Кыргызстан") бар. Бул талкууда "Ата Мекен" партиясынын атынан Алмамбет Шыкмаматов катышууда.

Айта кетсек, 25-февралда Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмыш иштин ачылышына орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин билдирүүсү себеп болгону айтылган. Л.Маевский 2010-жылы "Альфа Телекомду" башкаруу укугуна ээ болуу үчүн ошол учурдагы убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге 1 миллион доллар бергенин билдирген. Ө.Текебаев Венада ЕККУнун парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышып Кыргыз жерине Стамбул аркылуу учуп келген. Ал учактан түшөрү менен УКМК кызматкерлери депутатты кармап кетишкен. Текебаев 48 саатка УКМКга камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан