Өлкө аймагында бир жуманын ичинде эки миңден ашуун кылмыш иши катталды

Өлкө аймагында бир жуманын ичинде эки миңден ашуун кылмыш иши катталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-февралдан 26-февралга чейинки аралыкта ИИМдин ыкчам жооп берүү борборуна Республика боюнча 2218 кылмыш иши катталган. Кылмыш иликтөөгө тиешелүү 588 факты катталып, анын ичинен 350 кылмыштын бети ачылса, 105 кылмыш изи сууй электе ачылган.

"Бир жуманын ичинде мурда болгон 165 кылмыштын бети ачылган. 26 тоноочулук, 3 денеге залал келтирүү, 12 зордуктоо, 226 алдамчылык ачылган. Мындан сырткары 76 уурулук, 2 мал уурулук, 5 унаа уурдоо фактысынын бети ачылган. 9 килограмм 425 грамм мыйзамсыз баңгизаты табылган", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан