Бүгүн, 27-февралда "Оскар 2017" сыйлык тапшыруу аземинде алгач "Ла-Ла Ленд" тасмасы "Мыкты фильм" номинациясы боюнча жеӊүүчү деп табылган. Бирок бул категория боюнча сыйлыкты "Айдын жарыгы" тасмасы алып кетти.
Жеӊүүчүнү актёр-актриса Уорен Битти жан Фэй Данауэй жарыялашкан. Битти элдин күлкүсүнөн буйдалып кеттиби, айтор, "Ла-Ла Ленд" тасмасын жеӊүүчү деп айта салган. Көп өтпөй актёр башка конвертти алып алганы белгилүү болгон. Андан соӊ алып баруучу Жимми Киммел катачылык үчүн аудиториядан кечирим сурады.
"Эмне болуп кеткенин билбейм, бирок бул нерседе өзүмдү күнөөлөйм. Ушундай уят болорумду билгем, эми сөз берем кайра келбейм", - деп аземди жыйынтыктаган алып баруучу.
"Ла-ла Ленд" тасмасынын жаратуучулары сахнага чыгып, ыраазычылыгын билдирүүгө даярданып жатканда жеӊүүчү башка экенин угуп, чыгармачыл топтун эч нерсени түшүнбөй шок болуп туруп калганы байкалат.