Канат Исаев, депутат: "Азыркы бийлик буга чейинки окуялардан сабак албай, каталарды кайталап жатат"

"Тилекке каршы, азыркы бийлик буга чейинки окуялардан сабак албай, каталарды кайталап жатат", - деген оюн бүгүн, 27-февралда журналисттерге Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутаты Канат Исаев билдирди.

Анын ою боюнча, Өмүрбек Текебаевди камоону бийликтин саясий оппоненттерине кысым көрсөтүү катары бааласа болот. "Текебаев чет өлкөдө жүргөндө ага карата кылмыш иши козголгонун билген болчу. Демек, эгер ал тергөө иштерине кандайдыр бир тоскоолдук жасап, кача турган болсо, ал Кыргыз жергесине келмек эмес. Аны аэропорттон кармап, УКМКга алып барып, 48 саатка эркинен ажыратыштын эч кандай кажети жок болчу. Демек, бийлик Текебаевдин көрүнүктүү саясатчы экенин эске алып мындай кадамга барбашы керек эле. Бул өтө өкүнүчтүү", - деди Исаев.

"Кыргыз мамлекети демократиялык жолго түшүп, "үй-бүлөлүк системин кулатабыз" деген жолго түшкөн элек. Тилекке каршы, акыркы окуялар артка кадам шилтегендей көрүнүштөрдү көрсөтүп турат. Учурда фракция лидерлери сүйлөшүү жүргүзүп жатышат. Бир чечимге келишсе керек. Парламент өз баасын бериш керек", - деп кошумчалады депутат.

Айта кетсек, 25-февралда Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмыш иштин ачылышына орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин билдирүүсү себеп болгону айтылган. Л.Маевский 2010-жылы "Альфа Телекомду" башкаруу укугуна ээ болуу үчүн ошол учурдагы убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге 1 миллион доллар бергенин билдирген. Ө.Текебаев Венада ЕККУнун парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышып Кыргыз жерине Стамбул аркылуу учуп келген. Ал учактан түшөрү менен УКМК кызматкерлери депутатты кармап кетишкен. Текебаев 48 саатка УКМКга камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан