"Ата Мекен" фракциясы өзү жасаган иштин курмандыгы болду. Бул тууралуу Бишкекте 27-февралда өтүп жаткан оппозициянын жыйынында экс-спикер Ахматбек Келдибеков билдирди.
Келдибеков убагында Башкы прокуратураны Аида Салянова жетектеп турганда саясатчыларды сотко чейин эле күнөөлүү кылып көрсөтүү адаты башталганын, ошол мыйзамсыздык бүгүн "Ата Мекендин" өзүнө сокку урганын белгиледи. Убагында "Ата Журт" фракциясынын депутаттары камалып жатканда демократияны айтып үн катпаган "Ата Мекенди" сындады Келдибеков.
Эскерте кетсек, Бишкекте бүгүн "Саясий күчтөрдүн жарандык форумунун" жыйыны өтүүдө. Анда өлкөдө түзүлгөн саясий кырдаал, шайлоо системинин абалы талкууланууда.