Парламентте "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин кармалышы боюнча түзүлгөн кырдаалды Жогорку Кеңештин чукул жыйынында талкуулоого чакырууда. Ал чукул жыйын өткөрүү боюнча спикер Чыныбай Турсунбековдун атына кат жолдогону белгилүү болду. Төрөбаев маселе парламенттен ачык-айкын талкууланбаса өлкөдө радикалдуу аракеттер башталып, саясий кырдаал курчушу мүмкүн экенин билдирди.
Бүгүн фракция лидерлери Текебаевдин кармалышы боюнча жабык сүйлөшүү жүргүзүүдө. Чукул жыйын өтөрү же өтпөсү ушул сүйлөшүүнүн жыйынтыгында белгилүү болот.
Эскерте кетсек, "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге 25-февралда Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Депутат "коррупция", "алдамчылык" беренелери боюнча күнөөлөнүүдө. Орусиялык ишкер "Текебаев 2010-жылы менден 1 миллион доллар алган" деп көрсөтмө берген. Европадан Бишкекке Стамбул аркылуу учуп келген Текебаев 26-февралда "Манас" аэропортунан УКМК кызматкерлери тарабынан кармалып, 48 саатка камакка алынган.