Медиа уюмдар журналисттердин кармалышы боюнча президентке кайрылуу кат жазышты

Медиа уюмдар журналисттердин кармалышы боюнча мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге, башкы прокурор Индира Жолдубаева, ички иштер министри У.Исраиловго кайрылуу жасашты. Алар журналисттердин кармалышы боюнча иликтөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылышкан.

"Өмүрбек Текебаевди кармоо операциясын чагылдырууга барган журналисттер күч органдарына документтерин көрсөтүшкөнүнө карабастан милиция кызматкерлери аларды күч менен автобуска отургузуп, ички иштер бөлүмүнө жеткиришкен. Буга байланыштуу укук коргоо органдарынын иш араккеттерине каршылык билдиребиз. Алар журналисттердин коопсуздугун сактоонун ордуна улуттук нормаларды жана эл аралык мыйзамдуулукту бузуп жатышат", - деп жазылат кайрылууда.

26-февралда Сокулук РИИБинин кызматкерлери аэропортко Өмүрбек Текебаевди тосуп алуу үчүн барган адамдарды кармап кеткен эле. Кармалган 15 адамдын төртөөсү журналисттер болгон. Алар түшүнүк кат жазгандан кийин бошотулушкан. Милиция кызматкерлери 15 адамды жолду бөгөп тургандыгы үчүн кармап кеткенин билдирген.

Эске салсак, 25-февралда Башкы прокуратура Ө.Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмыш иштин ачылышына орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин билдирүүсү себеп болгону айтылган. Л.Маевский 2010-жылы "Альфа Телекомду" башкаруу укугуна ээ болуу үчүн ошол учурдагы убактылуу өкмөттүн биринчи орун басары, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге 1 миллион доллар бергенин билдирген. Ө.Текебаев Венада ЕККУнун парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышып Кыргыз жерине Стамбул аркылуу учуп келген. Ал учактан түшөрү менен УКМК кызматкерлери депутатты кармап кетишкен. Текебаев 48 саатка УКМКга камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
modern-group
2017-02-27 13:13:26
унуткула кайрылуунарды !
+3
love_you
2017-02-27 13:25:35
Кудайым, деги тынччылык эле болсо экен
+3
Djal1987
2017-02-27 16:33:11
love_you,айтканыныз болсун. Ак уйдун тирешуусу конул айландырат.
+1
Ulan2601
2017-02-27 17:47:33
Бакиев менен Акаевден да ото туштуго бийлик эмнеси болсо да тынчылык болсун Кыргыз элимде
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан