26-февралда Өмүрбек Текебаевдин миңден ашуун колдоочулары УКМКнын алдына митингге чыгышты.
Митинг соңунда Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева митингчилерге кайрылды (ыйлап): "Өмүрбек ар дайым чындыкты айтып, мыйзам чегинде иш алып барып келген. Баары түшүнүп турат. Ак ийилет, бирок сынбайт. Колдоп келгениңиздерге рахмат. Ар дайым чындык деп жүргөн адам. Баары түшүнүп жатат, чындык каякта экенин билип жатат", - деди.
Айта кетсек, учурда "Ала-Тоо" аянтында Өмүрбек Текебаевдин тарапташтарынын митинги өтүүдө.