Дагестандын Махачкала шаарында бүгүн, 1-майда жарылуу болгонун жергиликтүү маалымат каражаттары жарыялашты. Белгилүү болгондой, жарылуунун кесепетинен 3 адам каза болду, алардын экөө 15-16 жаштагы өспүрүмдөр. Учурда жаракат алгандардын саны такталууда. Жарылуу шаардын чок ортосунда, Ирчи Казак жана Яракская көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жаш балдар көчөдө жаткан кутуну ачуу учурунда ал жарылган. Окуяны тийиштүү органдар иликтөөдө.