Ырчы Айпери Кулбаева бүгүн, 27-февралда 30 жашка толду. Аны куттуктап байланышка чыксак, ыраазычылыгын билдирип, туулган күнүн белгилөөгө кызуу даярдык көрүп жатканын айтты.
"Бүгүн кечинде ресторандардын биринде кесиптештерим, досторум жана туугандарыма отчёттук концертимди тартуулайм. Учурда той-концертимди өткөрүүгө даярдык көрүп жатам", - деди ырчы.
Белгилей кетсек, А.Кулбаева 1987-жылы 27-февралда Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Жерге-Тал айылында жарык дүйнөгө келген. ОшМУнун искусство факультетин аяктаган. 2010-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" наамынын ээси болгон. 2011-жылы Рыспай Абдыкадыровдун 70 жылдыгына арналган "Ырга айланган өмүр" аттуу эл аралык фестивалда "Махабат жөнүндө баллада" аттуу ыр менен Гран-прини жеңип алган. 2011-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын дипломанты, 2014-жылы Даркүл Күйүкова атындагы республикалык сыйлыктын лауреаты болгон. "Элегия" жана Кутман Султанов менен "Тамашалуу ыр" аттуу чыгармалары аркылуу эл оозуна алынган.
27-февралга карата жылнаама