Москвада 2 жашар бала iPad`га жетип, ойноо үчүн атасын балконго камап койгон. Бул тууралуу "Комсомольская правда" басылмасы жазып чыкты.
Маалыматтарга караганда, окуя 25-февраль күнү болгон. Көп кабаттуу үйлөрдүн 4 кабатында жашаган 37 жашар тургун уулу экөө батирде жалгыз калышкан. Атасы планшеттен жаӊылыктарды карап, социалдык тармактарда бирөөлөр менен баарлашып, бир маалда тамеки чегүү үчүн балконго чыккан. Андан соӊ кичинекей уулу балкондун эшигин жаап салган да, планшетти алып ойноп баштаган.
Атасынын эшикти катуу ургулаганына да бала көӊүл бурган эмес. Ошол учурда тургун чөнтөгүндөгү уюлдук телефонун алып, куткаруу кызматын чакырган. Куткаруучулар балкондун эшигин ачкан учурда кичинекей бала аларга көӊүл бурбай, эч нерсе болбогондой планшет менен ойноону улантканы айтылат.