Парламентте КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышы боюнча журналисттерге комментарий берди.
"Баары мыйзам чегинде болуп, анын күнөөлүү же күнөөсүз экенин укук коргоо органдары аныкташ керек. Кайсы бир депутат, саясий ишмер же журналист бир кишини күнөөлүү деп айыптай албайт. Азыр тергөө амалдары башталса керек. Ошонун негизинде мыйзамдуу чечимдерге баарыбыз баш ийишибиз зарыл", - деди депутат.
Айта кетсек, 25-февралда Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмыш иштин ачылышына орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин билдирүүсү себеп болгону айтылган. Л.Маевский 2010-жылы "Альфа Телекомду" башкаруу укугуна ээ болуу үчүн ошол учурдагы убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге 1 миллион доллар бергенин билдирген. Ө.Текебаев Венада ЕККУнун парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышып Кыргыз жерине Стамбул аркылуу учуп келген. Ал учактан түшөрү менен УКМК кызматкерлери депутатты кармап кетишкен. Текебаев 48 саатка УКМКга камакка алынган.