"Апамды издеп" тасмасы Казакстандагы прокатта 140 миллиондон ашуун теӊге чогултту

16-февралдан тарта Казакстандагы кинотеатрлардан Руслан Акун режиссёрлук кылган "Апамды издеп" ("В поисках мамы") тасмасы көрсөтүлө баштаган. Тасма кыска убакытта кассалык чогултууда рейтинг койгон. Тагыраагы, прокатта 140 069 120 теӊге (30 миллион сомдой) чогулта алды. Бул тууралуу "brod.kz" сайты жазып чыкты.

Белгилей кетсек, аталган тасмада башкы каармандардын образын Азамат Уланов менен казак актёру Тауекел Мусилим жаратышкан. Ошондой эле анда Марат Козукеев, Жеңишбек Майрамбек уулун жана башка америкалык актёрлорду көрүүгө болот. Тасма Кыргыз өлкөсүндө, Казакстанда жана АКШнын Лос-Анжелес шаарында тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Ulan2601
2017-02-27 17:55:33
Коруш керек эле
+3
Farm94
2017-02-27 17:58:59
Кызык бизде канча болду экен
+2
piramida
2017-02-27 18:53:20
Профессионалдык деңгээлде тартылыптыр чынында лично мага аябай жакты . Манас кинотеатрында түнкү саат 12 де да адам толо залга.
+3
altynka95
2017-02-27 20:13:10
Аябай кызыгып жатам коргонго
+1
gukush00
2017-02-27 23:39:27
Буюрса шаарга жетейинчи корбосооооом элеби
0
Tahmina.Musaeva
2017-02-28 00:03:56
Ошко келбей жатат го.
+1
1Adilet1
2017-02-28 01:40:47
Ошондо 500миң долларга чукулдап калабы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан