Владимир Путиндин Бишкекке сапары үзгүлтүккө учурабайт

Бишкекте депутат Өмүрбек Текебаевдин кармалышы боюнча өтүп жаткан митингдерден улам Орусия президенти Владимир Путиндин Бишкекке сапары үзгүлтүккө учурабайт. Бул тууралуу 27-февралда президенттик аппараттан билдиришти. Путин Кыргыз жерине эртең, 28-февралда келери күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге 25-февралда Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Депутат "коррупция", "алдамчылык" беренелери боюнча күнөөлөнүүдө. Орусиялык ишкер "Текебаев 2010-жылы менден 1 миллион доллар алган" деп көрсөтмө берген. Европадан Бишкекке Стамбул аркылуу учуп келген Текебаев 26-февралда "Манас" аэропортунан УКМК кызматкерлери тарабынан кармалып, 48 саатка камакка алынган.

Эки күндөн бери Бишкекте жана республика аймактарында Текебаевдин тарапташтары митингдерди өткөрүп жатышат. Чогулгандар Текебаевди тезинен бошотууну талап кылышууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан