Чүйдө жана Ошто унаа уурдагандар кармалышты, алардын бири өспүрүм

Ош облусунун ички иштер бөлүмүнө Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын 26 жаштагы тургуну кайрылып, Ош шаарынын Мусаев көчөсүндө токтоп турган "Ниссан Примера" унаасын белгисиз адамдар айдап кетишкенин кабарлаган.

"Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип 14 жаштагы Н.Н. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Өспүрүм мыйзамдуу өкүлдөрү менен аймактык милиция бөлүмүнө жеткирилди", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын патрулдук милициясынын кызматкерлери тарабынан Токмок шаарынын тургуну унаа уурдоого шектелип кармалды.

"Милицияга арызы менен 28 жаштагы бишкектик Т.К. кайрылган. Анын айтымында, "Субару Легаси" унаасын унаа жуучу жайга токтотуп койгон. Келип, унаасын таппай калган. Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында 24 жаштагы Н.Н. кармалган", - деп билдирди Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Бардык материалдар тиешелүү тергөө бөлүмдөрүнө өткөрүлгөнү маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан