Текебаевди сотко алпарбай, судьялар УКМКга келип чечим чыгарышы мүмкүн

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акунду Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун имаратын курчап турган милиция кызматкерлери ичкери киргизбей коюшту. Акун ичкери кирип, депутат Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасы качан караларын сурай турганын билдирген эле. Укук коргоо кызматкерлери сот көчмө жыйын өткөрүшү мүмкүн экенин айтышты. Тагыраагы, Текебаевди сотко алып барбай эле, судьялар УКМКнын имаратына келип чечим чыгарышы мүмкүн.

Эскерте кетсек, "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге 25-февралда Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Депутат "коррупция", "алдамчылык" беренелери боюнча күнөөлөнүүдө. Орусиялык ишкер "Текебаев 2010-жылы менден 1 миллион доллар алган" деп көрсөтмө берген. Европадан Бишкекке Стамбул аркылуу учуп келген Текебаев 26-февралда "Манас" аэропортунан УКМК кызматкерлери тарабынан кармалып, 48 саатка камакка алынган.

Турсунбек Акун соттун имаратына кирүүгө аракет кылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан