Орусиянын президенти Путин Эмомали Рахмонду орден менен сыйлады

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 27-февралда Тажикстанга келди. Сапарынын алкагында президент Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөр өтмөкчү. Орусиялык башчы аэропорттон Улуттук сарайга барган, аны ал жактан Тажикстандын президенти тосуп алганын орусиялык ЖМКлар жазышууда.

Алар бир нече документтерге кол коюп, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыя кылышары жазылат.

Мындан сырткары, Путин өлкөлөр арасындагы байланышты бекемдөөгө, борбор азиялык аймакта коопсуздукту камсыздоого кошкон салымы үчүн Эмомали Рахмонду Александр Невскийдин ордени менен сыйлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
salimbek87.kg
2017-02-27 21:11:49
Э ха ошондой экенби
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан