Бүгүн, 28-февраль - Сейрек кездешүүчү оорулардын эл аралык күнү. Максаты - сейрек оорулар менен ооруган адамдардын көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу жана мындай оорулардын адамдардын жашоосуна тийгизген таасири тууралуу маалымат берүү. Бул күндү белгилөө демилгеси сейрек ооруларды изилдөөчү EURORDIS европалык уюмуна таандык. Серепчилердин айтымында, дүйнөдө 5-7 миң чанда кездешүүчү илдет бар. Алардын катарына Ниман-Пик, Гоше, Гентингтон, Альцгеймер, муковисцидоз, гемофилия, миелома, рактын ар кандай түрлөрү жана башкалар кирет.
28-февралга карата жылнаама