Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши мындан ары Коопсуздук кеңеши деп өзгөртүлдү. Бул тууралуу 28-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирип, бул жаңы Конституциянын талабы экенин айтты.
Өмүркулов бул сыяктуу өзгөртүүлөр "Улуттук коопсуздук жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын стратегиялык обьекттери жөнүндө", "Жарандык коргонуу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Коргоо жана Куралдуу күчтөрү жөнүндө" мыйзамдарына да киргизилип жатат.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамы 2016-жылдын 11-декабрында референдум аркылуу өзгөртүлгөн.