ЭЛДИК КАБАР: "Оштогу дарыгерлер уулумдун ичине операция жасаган соң ичи ириңдеп кетти" дейт окурман

Ош облустар аралык балдар клиникасынын хирургия бөлүмүндө 2016-жылы 8-декабрда З.М. аттуу балага операция жасалган. Андан соң операция жасалган жери ириңдеп кеткенин SUPER.KG порталына окурман WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Уулумдун операция болгон жери улам-улам ириңдеп жатканынан дарыгерге бир нече жолу кайрылгам. Ошого карабастан, алар көңүл кош мамиле кылышты, мындан улам уулум айыкпай жүрдү. Аргам жок, башка хирургга алып барсам, ичинен денеге сиңбей турган жип табылды. Ал ириңдетип 3 айга жакын жүрүп, бир бөлүгү карарып кеткен. Операция Ош облустар аралык балдар клиникасынын хирургдары К.А. жана У.Ж. тарабынан 8-декабрда жасалган. Мындай көңүл кош мамиле кылгандыгы үчүн жооп беришеби?" деген суроо салган окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
ekaterinburg
2017-03-01 12:04:22
Акча менен буткон врачтар го дейм,дарылагандар.Чонураактарга арыз жазгыла.Жооп беришет албетте.Тубуно жетсенер.
+1
meni_kut
2017-03-01 12:04:40
откондо да чыккан ириндеп кетти деп корсо жип калып кетиптир шалаакы врач жооп берсин
+2
Elzira.91
2017-03-01 12:11:37
Аай иий тообо,булар кандай адамдар озу,корком коркомун,ушу медиктерге кунубуз тушбосо экен.
0
zahid
2017-03-01 23:05:30
Elzira.91,кадимкидей эле козунун устундо кашы бар дегендей
0
baltabai
2017-03-01 12:47:44
Allaxhym shpasyn bersin
0
Alina1984
2017-03-01 12:55:43
Ал жип калып кетпейт экен эч качан,ал жип адамдын организмине жакпаса ошентип ириндеп сыртка чыкканга аракет кылат экен ал жип,менин башымдан да откон андай операция,мен операция болгондон кийин 6 айдан кийин сыздоок сыяктуу болуп учу чыгып анан ирин агып баштаган ошо менен 1.5жыл жургом ирин агып,анан ушу супер инфонун сайтында катталган хирург жигиттин жардамы тийип жиптерди алдыргам,врачтарлы куноологонго болбойт,ал жипти синирип кетиш адамдын организминен коз каранды
+3
Nur1k
2017-03-01 13:28:52
Мына заочно окугандын кесепети! Башка окууларды заочно кылса да медицина тармагын очно кылыш керек!
-2
zahid
2017-03-01 22:56:44
Nur1k,медицинада заочно окуу жок. Баары аракет кылып окуйт. Врачтар да эмне куноо. Ооруган жаныны айыктырууга аракет кылганы кунообу?
0
baltabai
2017-03-01 13:28:58
Калдар Айбашов деген вырач кылдыбы операцией
+1
baltabai
2017-03-01 13:29:11
Баланы
-1
omka100514
2017-03-01 15:15:09
Азыр эт менен эле кошо бутуп кете турган жиптер менен тигип калышпадыбы, жогорудагы окурман айткандай мумкун баланын организимине жакпагандыр.
0
marat88
2017-03-01 20:45:17
Жалаа жапканды койбодуда ушул кемпай. Бир нерсени тушунуп анан чыгарса жакшы болмок. ХХХ Башчы кем акыл болсо элида ошондой болот деген чын окшойт. Крокадил учабы десе учат деген заман болуп баратат. Доктурлардын куноосу жок бул жерде организм ар кыл болот. Жеке медицинага откоруш керек болуп калды акчаны коп толоп жата турган. Ошондо ден соолуктун кадырын билсе керек адамдар.
0
admin_portal
2017-03-02 09:22:41
marat88, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
AzKumFerDan
2017-03-01 20:52:20
Жооп бериш керек албетте Конул кош жумушунун айынан ушундай болууда.
0
Kuyoo_bala
2017-03-01 21:48:24
Билбей деле калдым...айтор...
0
zahid
2017-03-01 23:00:24
Бир жолу врачтар кылган ишти кылып королучу кийин билебиз биз бул жакта сынга алыыып отурабыз. Колубуздан эч нерсе келбей.
0
zahid
2017-03-01 23:04:07
Мен ооруп калганда бир врач жаныман эки кун жылбай караган,туну куну уктабай,акча деле коп тологон жокмун кассага толодум. Ош шаардык ооруканасынын хирургия болумундо. Ушундай нерселерге бир аз анализ салып туура комментарий береличи
0
Aruwka.89
2017-03-06 01:29:15
Ээ Азыр ар бирибизге ынсап берсин Аллахым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан