АКШда учак кулап, 1 адам каза болду

АКШнын Калифорния штатындагы Риверсайд шаарында турак үйлөргө 2 моторлуу кичи учак кулап, 1 адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Cessna 310 учагы Риверсайддын аэропортунан Сан-Хосени көздөй учуп чыккан. Бирок ал бир нече мүнөттөн кийин эле кулап түшкөн. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча учакта 4 адам бар болгон.

"Кырсыктан улам 1 адам каза болуп, 5тен кем эмес адам жаракат алган. Учак кулаган соң өрт чыгып, 2 жеке турак үйдү каптап, коңшу үйгө да жайылып кеткен", - деп жазылат маалыматтарда.

Кырсыктын себеби тактала элек, иликтөө иштери башталганы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
dina1983-19
2017-02-28 12:04:32
Оюнчук самалётго
+2
Rasul94
2017-02-28 21:47:26
эчнерсе болбойт 1 адам болсо
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан