Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кримавторитет Камчы Көлбаев боюнча кезектеги соттук отурум уланууда. Жабырлануучу Сейитказы Толубаев буларды айтты:
"Мен Камчы Көлбаевди тааныбайм. 2004-жылы мен Жунушалиев аттуу адамдан унаа жуучу жай сатып алдым. Бул бизнесим өнүгүп, бизге кардарлар көп келе баштаган учурда өзүн "Көлбаевдин балдарыбыз" деп тааныштырган адамдар келип, унаа жуучу ишкананы берүүмдү талап кылышты. Алар Көлбаевдин алдында иштеп жүргөнүн айтып, коркутушту. Телефон чалышып "Максим Бакиевдин балдарыбыз" дегендер дагы болду. Мындан улам мен ал ишкананы берүүгө аргасыз болдум. Бирок Көлбаевге каршы дооматым жок. Анткени бул адамдар Максим Бакиев менен Камчы Көлбаевдин атын жамынып, иш алып барып жүргөндөр болушу мүмкүн. Учурда бул ишканага байланыштуу маселени сот аркылуу чечип алдык".