ЖЫЛНААМА, 28-ФЕВРАЛЬ: "Евровидение-2013" сынагынын жеңүүчүсү, даниялык ырчы Эммили де Форест 24 жашка толду

Даниялык ырчы, "Евровидение-2013" сынагынын жеңүүчүсү Эммили де Форест 24 жашка толду. Ал 1993-жылы 28-февралда Даниянын Раннерс шаарында төрөлгөн. 9 жашынан тарта чиркөө хорунда ырдап, мектеп театрында актрисалык кесипти аркалаган. 2007-жылы шотландиялык музыкант Фрезер Нил менен иштеше баштап экөө көптөгөн концерттерге жана фестивалдарга катышкан. Белгилүү хиттердин кавер-версияларын жаздырып, жеке ыр жыйнактарын да чыгарышкан.
2013-жылдын 18-май күнү Швециянын Мальмё шаарында өткөн "Евровидение" сынагында "Only Teardrops" аттуу ыры менен жеңишке жетишкен. Сынактан кийин Азербайжандын президенти Ильхам Алиев добуштар калыс эсептелбегенин айтып чыккан. Анткени орусиялык Дина Гариповага алар берген 10 упай эсептелбей, 0 болуп чыккан. Нидерландылык маалымат булактары аны плагиаттыкка күнөөлөп чыгышкан. Себеби жеңишке жеткен чыгарма 2002-жылы жарык көргөн "K-Otic" тобунун "I Surrender" аталыштагы ырынын көчүрмөсү экенин билдиришкен.
Ырчынын "Hunter & Prey" (2013), "Rainmaker" (2014), "Drunk Tonight" (2014), "Hopscotch" (2015) жана башка аталыштагы чыгармалары бар.

28-февралга карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ronaldo.99
2017-02-28 14:21:58
Сулуу кыз экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан