Кримавторитет Камчы Көлбаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча кезектеги соттук отурум уланууда. Учурда күбөлөр менен жабырлануучулар суралып жатат. Бакыт Дөөталиев аттуу күбө буларды айтты:
“Мен Бакыт Бекбоев аттуу адамдын Казакстандан алынып келинген унааларынын документтерин бүтүрүп бергем. Кийин ал унаалардын иши чатакка айланып, сотко өттү. Унаалардын бир канчасын Бекбоев мени "сатып алгансың, ошонун акчасын бер" деп бүгүнкүгө чейин кыйнап келет. Ал эми Бекбовдин ишинде УКМКнын кызматкерлери мага кысым көрсөтүшкөн. “Адилет аттуу жигит Камчы Көлбаевдин алдында иштейт” деген маалыматка туура деп кол коюп беришимди талап кылып, кыйнашканынан акырында кол койгом. Эгерде мен кол коюп бербесем, мени да соттоп жиберебиз деп коркутушкан. Бирок мен Бекбоевден эч кандай унаа сатып алган эмесмин. Мурда Бекбоевге карата болгон тергөө ишинде берген билдирүүмдү четке кагам”.
Күбө жыйын жүрүшүндө Камчы Көлбаевди жакындан тааныбай турганын айтты.