"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында бүгүн, 28-февралда Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин өлкөгө расмий сапары менен келген Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен салтанаттуу жолугушуусу болду.
Флагштоктордо Кыргыз Республикасынын жана Орусиянын мамлекеттик желектери көтөрүлүп, эки өлкөнүн гимндери жаңырды. Эки президенттин жолугушуусунун расмий аземинен кийин ардактуу кароол менен учурашып, эки өлкөнүн өкүлдөрү менен таанышкан соң мамлекеттердин башчылары тар чөйрөдө сүйлөшүүлөр өтө турган бөлмөнү көздөй бет алышты.
Протоколдук иш-чаралар аяктады. Учурда президенттер тар чөйрөдө сүйлөшүү жүргүзүүдө.