Мындан 42 жыл мурун, 1975-жылы 28-февралда Лондон метросунда поезд токтой албай калып, дубалды сүзгөн. Натыйжада өрт чыгып, станцияда жарык өчүп калган жана 43 адам курман болгон. 74 киши ар кандай жаракаттарды алышкан. Куткаруучулар кырсыкка кабылган поезддин эшигин ачканда, мештин эшигин ачкандай эле болушкандыгын айтышкан. Каргашалуу окуянын себептери аныкталбай калган.
28-февралга карата жылнаама