2011-жылдын ноябрь айында опузалап пара алгандыгы үчүн Токтогул райондук сотунун Ж.Эгембердиев аттуу судьясы кармалган. Ал жол кырсыгына байланыштуу кылмыш ишин оң жагына чечип берүү үчүн айыпталуучудан 15 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган. Андан соң аталган факты боюнча УКМК тарабынан кылмыш иши козголгон болчу.
2011-жылдын декабрь айында КРнын Судьялар кеңеши Башкы прокуратуранын Ж.Эгембердиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу өтүнүчүн канааттандырган. Ал эми 2012-жылдын май айында Жалал-Абад шаардык соту Эгембердиевди күнөөлүү деп таап, 6 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми 2012-жылдын ноябрь айында соттун 2-баскычында прокуратуранын апелияциялык көрсөтмөсү боюнча Ош облустук соту Жалал-Абад шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган. 2013-жылдын 13-мартында Жогорку Сот Ош облустук прокуратурасынын даттануусу боюнча Жалал-Абад шаардык сотунун жана Ош облустук сотунун Эгембердиевге карата шарттуу соттоо чечимин жокко чыгарып, Токтогул райондук сотунун судьясын 6 жыл эркинен ажыратуу менен түзөтүү абагында жаза өтөө чечимин чыгарды.