Владимир Путин Орусия Кыргыз өлкөсүнө кандай жардам берип жатканын айтты

Орусия Кыргыз мамлекетинин ЕАЭБдин шартына ылайыкташуусуна активдүү жардам берүүдө. Бул тууралуу Орусия президенти Владимир Путин 28-февралда Бишкекте маалымат жыйынында билдирди. Путин Кыргыз мамлекети ЕАЭБге киргенден кийинки жетишкендиктерди атады. 2016-жылдан бери Орусиядан Кыргыз жерине пошлинасыз мунайзат киргизилип жатканын, Орусиядагы кыргыз мигранттарынын укугу көбөйгөнүн белгиледи.

Путин билим берүү тармагындагы кызматташууга токтолуп: "Кыргыз өлкөсүнөн барган 16 миңден ашуун студенттер Орусияда билим алышат. Анын ичинде бюджеттик негизде окугандар бар. Ушул жылы 420 студент акысыз билим ала алат", - деди.

Орусия лидери Кыргыз президенти менен жолугушуу конструктивдүү маанайда өткөнүн белгиледи.

"Биз кызматташтыктын бардык тармагын дыкат талкууладык жана алаканы мындан ары өнүктүрүүнүн конкреттүү пландарын сүйлөштүк. Дароо белгилегим келет, Кыргыз Республикасы Орусиянын стратегиялык өнөктөшү. Бизди убакыт сыноосунан өткөн достук, чыныгы союздаштык байланыштар бириктирип турат. Биздин өлкөлөр көп кырдуу экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө умтулат. Быйылкы жылдын кыйынчылыктарын бирге аттап өтүүнү көздөп жатабыз", - деди Путин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан