“Ар бир жарандын митинг өткөргөнгө укугу бар, бирок баарыбызга тынчтык, стабилдүүлүк керек”, - деп бүгүн, 28-февралда SUPER.KG порталына "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова билдирди.
Анын айтымында, демократиялык өлкөдө жарандар тынчтык митинги аркылуу өздөрүнүн позициясын билдирүүгө акылуу.
Ошол эле учурда эл өкүлү Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышы тергөө иштеринин негизинде чечиле турганын айтып, бул кырдаалга эч кандай баа бере албай турганын белгиледи.
Белгилей кетсек, бүгүн УКМКнын алдында Текебаевдин камакка алынышына каршы митинг уланды. 25-февралда Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмыш иштин ачылышына орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин билдирүүсү себеп болгону айтылган. Л.Маевский 2010-жылы "Альфа Телекомду" башкаруу укугуна ээ болуу үчүн ошол учурдагы убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге 1 миллион доллар бергенин билдирген. Бул боюнча депутатка кылмыш иши козголгон күнү түн ичинде аны УКМК камакка алган. Кечээ, 27-февралда Текебаев 2 айга камакка алынган.