Кыргыз мамлекети менен Орусиянын кызматташтыгынын алкагында үч документке кол коюлду

Бүгүн, 28-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда эки тараптуу кызматташуу боюнча үч документке кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алар:

- Кызматташуу боюнча Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путиндин билдирүүсү;

- 2015-жылдын 31-мартында түзүлгөн Евразия экономикалык биримдигинин алкагында Кыргыз мамлекетине техникалык жардам көрсөтүү боюнча өкмөттөр аралык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;

Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Орусиянын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча кызматтын жугуштуу оорулар менен күрөшүү боюнча кызматташуу меморандуму.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан