Кыргыз Республикасынын Сейсмология Институтунун алдын ала берген маалыматына ылайык, бүгүн, 28-февралда саат 19:42де Тажикистан Республикасынын аймагында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош жана Баткен облусунун аймыгында 4 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча кыйроолор жок. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.