“Көп жылдан бери Камчы Көлбаевди тааныйм. 24-марттагы революцияга чейин ИИМде подполковник болуп иштегем. Кийин иштен бошотулдум, буга байланыштуу жеке бизнес баштоону чечтим. Көлбаев менен Бишкектеги ресторандардын биринен таанышып, ага тамеки бизнеси менен иштеп жатканымды айтып, бул тармакта тааныштары бар болсо, мени менен иштешүү сунушун айттым. Мындан улам Камчы Көлбаев мени Медер Кожакметов аттуу адам менен тааныштырды".
Бул маалыматты бүгүн, 2-майда кримавторитет Камчы Көлбаев боюнча өтүп жаткан сотто күбө Арсен Садыбакасов айтты. Көлбаев тааныштырган адам менен андан аркы мамилеси кандай улангандыгы тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирди: