"Депутатпы же карапайым адамбы мыйзам баарына бир", - деп 1-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев парламентте билдирди.
Анын айтымында, УКМК кызматкерлери колдон келишинче аяр мамиле менен Текебаевди кармап келишкен.
"УКМКга 26-февралда саат таңкы 4тө алынып келинген. Күч колдонулбай тергөөчүлөр алып келди. Саат 5те Текебаевдин суранычы менен ал аялы менен жолукту", - деди ал.