Алмамбет Шыкмаматов УКМК, Башкы прокуратура өкүлдөрүнөн "белизгейт" тууралуу маалыматты сурады

"Белизгейт" тууралуу мурда трибунада айткан далилдер келдиби?" деп парламентте "Ата Мекен" фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов сурады.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева Белиздегилер менен расмий кат жазышып жатканын айтты.

"Бүгүнкү күндө расмий жооп жок. Материалдарды алганда сиздерге алып келебиз", - деди Жолдубаева.

Буга чейин УКМК, Башкы прокуратура башчылары Жогорку Кеңеште "белизгейт" тууралуу маалымат берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан