Ооганстанда полиция кызматкери өзүнүн 11 кесиптешин атып салды. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн түштүгүндөгү Гильменд провинциясына караштуу көзөмөл пунктунда полиция кызматкерлери уктап жатканда кызматкерлердин бири аларды атып салган. Андан соң ал кызматкерлердин ок-дары жана курал-жарактарын алып, Талибан кыймылына кошулуу үчүн кызматтык унаа менен качып кеткен. Аталган кыймыл кол салуу боюнча жоопкерчиликти моюнуна алган.
"Учурда Ооганстандын коопсуздук күчтөрү аталган кылмышка байланыштуу тийиштүү аракеттерди көрүүдө", - деп айтылат мааламатта.