Рыскелди Момбеков Текебаевдин камакка алынышы боюнча: "Бүгүнкү жыйындан эч кандай майнап чыкпайт"

"Бүгүнкү жыйындан эч кандай майнап чыкпайт", - деп бүгүн, 1-мартта парламентте КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков билдирди.

Анын айтымында, 11 депутат УКМК, Башкы прокуратура өкүлдөрүнө суроо берип оңтойлуу жооп алган жок.

"Жооп дагы болбойт. Анткени соттун чечими турат. Камаганданбы же кармагандан саясат болгонбу? Аны бир гана сот аныктайт. Ал эми саясий куугунтук болгонбу же болгон эмеспи аны убакыт аныктайт экен. Саясаттын тагдыры ушул экен. Биз өкүнөбүзбү, өкүрөбүзбү өкүмдү өзгөртө албайбыз", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан