"Маевскийди чукул арада кармап, керек болсо аны "персона нон грата" деп жарыялаш керек", - деп парламентте КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев билдирди.
Эл өкүлүн чет өлкөлүк жарандардын көрсөтмөсү менен камай берсек, жаман адат болуп каларын айтты.
"Мындай мүшкүл иш түшкөндө табалоо туура эмес. Баарыбызга түшүп калышы мүмкүн. Дүйнөлүк медиада президенттин атаандашын камакка алды деп жазып жатат. Депутаттар кепилдик алып, ким макул болсо Текебаевди эркиндикке чыгарып алса болобу? Эгер ал сурактан, Кыргыз мамлекетинен качпайм десе. Мисалы, мен кол коюп бергенге даярмын", - деди ал.
Башкы прокурор Индира Жолдубаева: "Мыйзам тыюу салат. Бул маселени тергөө чечет. Эгер тергөө иштеринин кызыкчылыгына кармалсын десе камакта болот", - деди.