Мындан 3 жыл мурун, 2014-жылы 1-мартта Кытайдын Куньмин шаарында темир жол бекетиндеги террордук кол салуудан 34 адам каза таап, 100дөн ашуун адам жаракат алган.
Кара кийинген 10дон ашык адам чоң, узун бычактары менен темир жол бекетиндеги жүргүнчүлөрдү четинен өлтүрүп киришкен. Жергиликтүү полиция кызматкерлери окуя болгон жерден 4 кылмышкерди атып өлтүрүшкөн жана бирөөсүн колго түшүрүшкөн. Кытай бийликтери бул ишти уюштурууга Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун сепаратисттерин күнөөлөп, алар катуу жазаланышарын айтышкан. Февраль айында террордук актыны уюштурган 3 адамды кармашкан.
1-мартка карата жылнаама