Депутат Аида Салянова кесиптеши Иса Өмүркуловдон Европага Өмүрбек Текебаев менен чогуу барып, кайтканда эмне үчүн бөлөк келгенин сурады. "Австриядан келе жатып Текебаев менен эмне үчүн чогуу келген жоксуз, эмнеге качтыңыз?" - деди Салянова.
Өмүркулов эмнеге өзүнчө келгенин түшүндүрдү. "Мен Австриядан бир күн мурун кайттым, Москва аркылуу келдим. УКМК жана Башкы прокуратура менен кеңешкен жокмун. Бул ишке эч кандай тиешеси жок", - деди Өмүркулов.
Эскерте кетсек, "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге 25-февралда Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Депутат "коррупция", "алдамчылык" беренелери боюнча күнөөлөнүүдө. Орусиялык ишкер "Текебаев 2010-жылы менден 1 миллион доллар алган" деп көрсөтмө берген. Европадан Бишкекке Стамбул аркылуу учуп келген Текебаев 26-февралда "Манас" аэропортунан УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, 27-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган.