Өмүрбек Бабанов Текебаевдин камалышы боюнча парламентте үн катпады

Жогорку Кеңеште депутат Өмүрбек Текебаевдин камалышы талкууланууда. Бардык фракция лидерлери кырдаал боюнча позицияларын билдиришти. "Ата Мекен" менен "Өнүгүү-Прогресс" фракциялары Текебаевдин камалышында саясат бар экенин айтып, бийликти сындашса, КСДП менен "Кыргызстан" калыс тергөө жүргүзүү, тергөөнүн жыйынтыгын күтүү керектигин айтышты.

Коомчулук "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун пикирин уга алган жок. Анын ордуна фракциянын эки депутаты сөз сүйлөп, КСДП жана "Кыргызстан" фракцияларына үндөш позициясын билдиришти. "Бир бол" фракциясынан эч ким сүйлөгөн жок.

Эскерте кетсек, "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге 25-февралда Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Депутат "коррупция", "алдамчылык" беренелери боюнча күнөөлөнүүдө. Орусиялык ишкер "Текебаев 2010-жылы менден 1 миллион доллар алган" деп көрсөтмө берген. Европадан Бишкекке Стамбул аркылуу учуп келген Текебаев 26-февралда "Манас" аэропортунан УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, 27-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан